
Жогорку Кеңештин депутаты
Тазабек Икрамов көмүр маселеси менен коомдук транспорттун жол киресин көтөрүү маселеси боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу эл өкүлү социалдык тармактагы баракчасында жарыялады.
Икрамовдун айтымында, Казакстандын көмүрүн пайдаланууну сунуштоо менен бийлик элди ачык эле тоноп жатат.
"Кышкы жылытуу сезонунда Министрлер кабинети үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга тыюу салып, аны менен катар жеке турак жайларга Кара-Кеченин көмүрүн пайдаланууну токтоткону жатышат. Анын ордуна Казакстандын көмүрүн пайдаланууну сунуштоодо. Кара- Кеченин көмүрү өздүк наркын кошкондо борбор калаага келген баасы 4500-5000 сомдун тегереги, ал эми Казакстандын көмүрү болжолдуу 6 миң сомго чейин болот. Бул ачык эле элди тоноо. Казакстандын көмүрү “сапаты жакшы” деп айтылганы менен коңшулар деле кышкысын ыштан арыла албай, биздин борбор калаадай эле аларды кара түтүн каптап турат. Бул жерде жеке кызыкчылыктар болушу толук мүмкүн", - деди Икрамов.
Ошондой эле ал коомдук транспорттун жол киресин 20-22 сомго чейин көтөрүүнү калктын чөнтөгүнө кол салуу катары баалаган.
"Экинчи маселе болсо Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардын коомдук транспортторунун жол кире акысын 20-22 сомго чейин көтөрүүнү сунуш кылды. Бул дагы элди тоноо болуп эсептелет. Айрым үй-бүлөлөрдө беш-алты окуучу, студенттер бар. Алардын жол кирелери үй-бүлөлүк бюджетке оңбогондой залака келтирет. Өкмөттүн эки жооптуу чиновниги элдин жашоо-шартын жакшырткандын ордуна, тескерисинче карапайым калктын чөнтөгүнө кол салып жатышат", - деп билдирди эл өкүлү.
Эске салсак, Энергетика министрлиги Бишкектеги ыш көйгөйүнүн алдын алууга аракет кылып жатканын айтып, быйыл борбор калаада Кара-Кеченин көмүрүн колдонууга жана сатууга тыюу салган. Анын ордуна министрлик Казакстандын көмүрүн
колдонууну сунуштаган.
Ошондой эле быйыл суунун жетишсиздигине байланыштуу шаардыктарга турак-жайларды электр энергиясы менен жылытууга да
тыюу салган.