Депутат Мажитова кайрадан паранжага тыюу салуу маселесин көтөрдү

Бүгүн, 7-сентябрда парламенттин жыйынында депутат Шарапаткан Мажитова өлкөдө паранжа кийүүгө тыюу салуу маселесин көтөрдү.

Анын айтымында, жакында Өзбекстанда кабыл алынган паранжага тыюу салуу мыйзамы Кыргызстанга да керек.

"Акыркы күндөрү көзүн гана көрсөтүп, паранжа жамынгандар көбөйүп жатат. Мен аларга жоолук салынбасын дебейм, салынсын. Бирок ошентип бетин чүмкөө, өзүнүн идентификациясын чүмкөп алган өтө кооптуу. Бул коопсуздукка дагы таасирин тийгизет. Мен мурда Дин башкармалыгына да айткан элем. Ушул маселеге катуу тапшырма берип, мамлекеттик чара көрбөсөк болбой калды", - деди Мажитова.

Эске салсак, Мажитова буга чейин апрель айында да паранжага тыюу салууну сунуштаган.

Жогорку Кеңеш 07.09.23
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан