"Бири экинчи жолу болсо, башкасы бир күн гана". Бир жумада орун алган кадрдык өзгөрүүлөр

Кечээ, 7-сентябрда бир топ мамлекеттик кызмат орундарында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Алардын арасында экинчи ирет дайындалгандар жана бир күн гана кызмат ордун ээлегендер бар. Төмөндө ушул аптада кадр саясатында кандай өзгөрүүлөр болгонун тизмектейбиз.

Билим берүү министрлиги

Кечээ, 7-сентябрда эң көп талкууланган темалардын сап башында Каныбек Иманалиевдин билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулганы болду. Президенттин маалымат кызматы Иманалиевдин эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн ээлеген кызмат ордунан бошотулганын жазды.

Ага чейин 6-сентябрда Иманалиевдин Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокуловду кабыл албай койгону, жаңы окуу жылы башталгандан тарта социалдык тармактарда ата-энелер балдарынын окуу китептеринин жетишсиздиги тууралуу айтканы кызуу талкууланган болчу.

Иманалиев билим берүү министри болуп болгону алты ай гана иштеди. Үстүбүздөгү жылдан март айында Жогорку Кеңеш Иманалиевди билим берүү министри кылып дайындоого макулдугун беришип, тиешелүү жарлыкка президент Жапаров кол койгон. Иманалиев министр болгондон тартып ЖРТнын орточо баллын жогорулатуу, жалпы республикалык тестирлөө системасын жакшыртуу жана 2025-жылы өтө турган PISA сынагына даярдануу маселелерин көтөрүп чыккан.

Ал эми билим берүү жана илим министринин милдеттерин убактылуу аткаруу Уланбек Усековго жүктөлдү. Ал буга чейин аталган министрдин биринчи орун басары болуп келген. Усеков бул кызматка ушул жылдын 24-январында дайындалган эле.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги

Таланбек Имановдун жаңы кызматка дайындалышынан кийин ал жетектеген Санариптик өнүктүрүү министрлигине Нурия Кутнаева министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Кутнаева жаңы кызматка дайындалганга чейин "Тундук" мамлекеттик ишканасынын жана Жеке маалыматтарды коргоо агенттигинин жетекчиси болуп иштеген.

Эми Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун милдеттерин орун басарлык кызматты аркалаган Алмамбет Касымбеков убактылуу аткарат.

Социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Кечээ, 7-сентябрда Социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилигинде да өзгөрүүлөр болду. Аталган министрликти жетектеген Кудайберген Базарбаев кызматынан бошотулду. Базарбаев бул кызматка 2021-жылдын октябрь айында Министрлер Кабинетинин жаңы курамы менен келген. Ал 2013-2016-жылдары да аталган министрликти жетектеген болчу.

Базарбаевдин ордуна Саламаттыкты сактоо министрлигин жетектеген Гүлнара Баатырова министрдин милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды. Баатырова да саламаттыкты сактоо министри болуп бир жыл иштеди. Ал бул кызматка 2022-жылдын 9-сентябрында киришкен.

Саламаттыкты сактоо министрлиги

Саламаттыкты сактоо министрлигин жетектеген Гүлнара Баатырова башка кызматка дайындалганына байланыштуу анын ордуна министрдин милдетин убактылуу Алымкадыр Бейшеналиев аткармай болду. Бейшеналиев бул министрликтин жетекчилигине экинчи ирет дайындалууда. Былтыр 19-августта ал министрлик кызматынан бошотулуп, Чолпон-Ата шаарындагы "Алтын балалык" реабилитациялык борборунун директору болуп дайындалган.

Бейшеналиев былтыр 2-июнда Башкы прокуратура тарабынан кармалган. Ага жети кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Президент Башкы прокуратура тарабынан коррупцияга шектелип кармалган саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча комиссия түзүлгөнүн билдирген. Андан кийинал тергөө иштерине байланыштуу убактылуу кызматтан четтетилип, 1 айга СИЗОго камакка алынып, кийин кайра үй камагына чыгарылган. Жактоочу Алымкадыр Бейшеналиевдин ишинде материалдык чыгым табылбаганын билдирген.

Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин төрагалыгы

Кечээ, 7-сентябрда Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору кызматынан Умбриэль Темиралиев бошотулду. Президенттин маалымат кызматынын маалыматында, анын башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулганы айтылган. Бүгүн Темиралиевдин “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын башкы директору болгону кабарланды.

Ал эми Темиралиевдин ордуна Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке жетекчи болуп Талантбек Иманов дайындалды. Талантбек Иманов буга чейин Санариптик өнүктүрүү министрлигин жетектеген. Ал бул кызматка былтыр январь айында келген болчу.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы

Кечээ, 7-сентябрда жаңы кызматка дайындалгандардын арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Гюльшат Асылбаева да бар. Ал Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрайымы болуп дайындалды. Ага чейин бир күн мурун, тагыраагы 6-сентябрда Айбек Мамыралиев аталган кызматка жетекчи болуп дайындалган эле. Асылбаева төрайым болгонуна байланыштуу Мамыралиев аталган мекеменин төрагалыгынын орун басарынын милдетин аткармакчы.

Ошондой эле Бектур Зулпиев президенттин кеңешчиси болуп дайындалса, Медетбек Букуев Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси болуп дайындалды.

Шергазы Мурзахмедов болсо Ысык-Көл облусундагы Түп районунун акимдик кызматын аркалайт. Жаңы кызматка дайындалганга чейин Мурзахмедов Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын директорунун орун басары, "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин директору болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан