Ким Чен Ындын Орусиядагы алты күндүк сапары аяктады (видео)

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Орусиядагы алты күндүн сапары жыйынтыкталды. Ал брондолгон поезди менен өз өлкөсүнө кеткенин орус басылмалары жазып чыкты.

Маалым болгондой, ал Приморск аймагындагы Артем-Приморский-1 станциясынан узатылып, брондолгон поезди менен Орусиянын түштүгүндөгү чек араны көздөй багыт алган. Анын Орусияга болгон сапары 12-сентябрда башталган.

Ким Чен Ын 13-сентябрда Амур облусундагы "Восточный" космодромунда президент Владимир Путин менен жолугушкан.

Сүйлөшүүлөр башталганга чейин эки өлкөнүн лидерлери "Ангара" ташуучу ракетасын чогултуу учуруна күбө болуп жана "Союз-2" ташуучу ракетасынын мүнөздөмөлөрү менен таанышышкан. Андан соң, Путин менен Ким Чен Ынын делегациянын катышуусунда сүйлөшүүсү болгон. Маданий программанын алкагында болсо Ким Чен Ынга Мариинск театрында "Уйкудагы сулуу" балети көрсөтүлүп, ал Приморск аквариумуна барган.

ТАССтын маалыматына ылайык, Ким Чен Ынды платформадан Чыгыш аскер округунун ардактуу кароолунун ротасы жана Тынч океан флотунун штабынын аскер оркестри узатышкан. Музыканттар Орусиянын жана КЭДРдин гимндерин, саптык маршын аткарышкан. Көп өтпөй Түндүк Корея лидеринин поезди Хасан чек ара бекетин көздөй бет алган.

кИМ ЧЕН ЫН Орусиядан кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан