Бүгүн, 13-сентябрда Чыгыш космодромунда Орусиянын президенти Владимир Путин менен КЭДРдин лидери Ким Чен Ындын ортосунда сүйлөшүүлөр болду. Кремлдин сайтындагы маалыматка караганда, делегациянын катышуусундагы сүйлөшүү бир сааттан ашык убакытка созулган.
Түндүк Кореянын жетекчиси өз сөзүндө "империализмге каршы күрөштө" Орусияга колдоо көрсөтө турганын жана Түндүк Корея дайыма Путиндин башкаруусу менен анын чечимин кубаттай турганын билдирди.
Ким Чен Ын СССР көз карандысыз КЭДРдин калыптанышында жана курулушунда чоң роль ойногондугун жана эки өлкөнүн достугу терең экенин баса белгиледи.
"Азыр биздин өлкө үчүн биринчи орунда Орусия менен болгон мамилебиз турат. Биздин саясат, экономика жана маданиятка байланыштуу көп суроолорубуз бар",- деди Түндүк Кореянын лидери.
Ошондой эле Ким Чен Ын бул жолугушуу эки өлкөнүн мамилесин жогорку деңгээлге жеткире турганына ишенерин жана чакыруусу үчүн Путинге ыраазычылыгын билдирди.
Өз кезегинде Путин КЭДР лидерин Орусияга иш сапары менен келгенине кубанганын айтты. Ал СССР Түндүк Кореяны биринчи болуп тааныгандыгын белгилеп, республиканын Корея согушундагы жеңишин маанилүү күн деп атады. Орусиянын президенти алар “экономикалык өз ара аракеттенүү жана гуманитардык мүнөздөгү” маселелерди талкуулай турганын кошумчалады.
Делегациялардын катышуусунда өткөн сүйлөшүүлөрдүн соңунда лидерлер бетме- бет (тет-а-тет) сүйлөшүү өткөрүштү.
Сүйлөшүүлөр башталганга чейин эки өлкөнүн лидерлери "Ангара" ташуучу ракетасын чогултуу учуруна күбө болуп жана "Союз-2" ташуучу ракетасынын мүнөздөмөлөрү менен таанышышкан.
Эске салсак, кечээ, 12-сентябрда Ким Чен Ындын брондолгон поезди менен Орусиянын аймагына киргени боюнча чет элдик басылмалар жазып чыккан. Бүгүн ал Путин менен Амур облусундагы Чыгыш космодромунда жолугушуп, эки өлкө лидерлери космодромдогу бир катар объектилер менен тааныша турганы айтылган. Кремлдин маалыматына караганда, сүйлөшүү бир күн гана болот жана ал ар кандай форматта болуп 5 саатка созулган.
Буга чейин талдоочулар Ким Чен Ын менен Путин Түндүк Кореядан артиллериялык снаряддарды жана танкка каршы ракеталарды жеткирүү маселесин талкуулай турганы, Москва Пхеньянга дан, мунай, аскердик технология жана чет элдик валютаны сунуштоо менен жооп бериши мүмкүн экенин айтышкан. Ал эми АКШнын басылмалары бул сүйлөшүүлөр Украинадагы согуш үчүн курал-жарак жеткирүүгө тиешелүү болорун жазып чыгышкан.