Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Элдик” депутаттык тобу Өмүрбек Бакировду мандатынан ажыратуу жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү сунушун кайра чакыртып алды.
Депутат Мирлан Самыйкожо буга Бакиров өзү макул болбой койгону себеп болгонун айтты.
Белгилей кетсек, 13-сентябрдагы парламент жыйынында айрым депутаттар "БШКнын Өмүрбек Бакировду депутаттык мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратуу чечими мыйзамсыз" деген пикирди айтып чыгышкан. Алар бул боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштаган.
Эске салсак, БШК 26-августта Бакировду депутаттык мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратып, күбөлүгүн жокко чыгарган.
18-августта Жогорку Сот Өмүрбек Бакиров шайланып келген Ош облусундагы бир мандаттуу Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган төмөнкү инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.
Өмүрбек Бакировдун ордуна келген Равшанбек Рысбаев 6-сентябрда Жогорку Кеңеште ант берип, депутаттык кызматка киришкен. Ал 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо бир мандаттуу Көк-Жар округунан 2-орунду алган.