Тоолуу Карабахтан Арменияга 3 миңдей адам жер которду

Бүгүн, 25-сентябрда Тоолуу Карабахтан Арменияга 2,9 миңден ашуун адам жер которду. Бул тууралуу Армения өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

"25-сентябрда саат 06:00гө карата Арменияга Тоолуу Карабахтан 2 миң 906 адам жер которуп келди. Катталган 2 миң 100 адамдын миңге жакыны өздөрүнө бөлүнгөн жерге жайгашышты, калгандары эми турак-жайларына жетишти",- деп айтылат маалыматта.

Дегени менен учурда Армениянын борбору Ереванда абал туруктуу эмес. Бүгүн оппозиция тарапкерлери премьер-министр Никол Пашиняндын Тоолуу Карабахты Азербайжанга өткөрүп берди деп айыптап, анын кызматтан кетишин талап кылуу менен көчөлөрдү жаап салган. Учурда полиция кызматкерлери митингге чыккандарды кармап жатат. Ал эми эл өкүлдөрү абалды турукташтыруу аракетин көрүүдө.

Ереванда 20-сентябрдан бери өкмөттүн имаратынын жанында нааразычылык акциясы уланууда. Буга чейин полиция кызматы митингге чыккан 84 адамды кармаганы кабарланган.

Эске салсак, 19-сентябрда Азербайжан Тоолуу Карабахта “конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү” максатында “жергиликтүү антитеррордук чаралар” башталганын жарыялаган. Эртеси күнү эл аралык коомчулук тааныбаган республиканын акыйкатчысы Гегам Степанян социалдык тармактагы баракчасында Азербайжандын “антитеррордук” операциянын натыйжасында Тоолуу Карабахта 27 адам каза таап, 200дөн ашык адам жаракат алганын билдирген.

20-сентябрда Тоолуу Карабах ок атууну токтотуу жана куралдарын таштай турганын билдирип, Азербайжан бийлигин республикада “борбордук” деп эсептей турганын жана Баку менен конструктивдүү диалог курууга ниеттенип жатканын маалымдаган.

21-сентябрда болсо Евлах шаарында Азербайжан бийлиги менен Карабахтагы армян өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, реинтеграция маселелерин талкуулашкан. Алиевдин өкүлү Элчин Амирбеков Sky News Arabia басылмасына берген маегинде, эки тараптын ортосундагы көйгөйлөр бир жолугушууда эле чечилип калбай турганын билдирсе, Карабахтагы армян өкүлдөрү Баку менен жыйынтыкталган келишим болбогонун жана айрым деталдарды макулдашуу керек экенин маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан