Ереванда полиция кызматкерлери митингге чыккан 168 адамды кармады (видео)

Бүгүн, 25-сентябрда Армениянын борбору Ереванда премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган нааразычылык акцияларында 168 адам кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Ал эми Армения парламентинин оппозициячыл депутаты, Улуттук комитеттин мүчөсү Ишхан Сагателян 200дөн ашуун жарандын кармалганы тууралуу социалдык тармактагы баракчасында жарыялады. Анын айтымында, камактагылардын укугун эл өкүлдөрү менен жактоочулар коргоп жатышат.

Нааразычылык акциясына чыккандар таңдан бери көчөлөрдү тосуп, транспорт каражаттарын токтотууга аракет кылышууда. Басылмалардын маалыматына караганда, полиция менен митингге чыккандардын ортосунда кагылышуу болгон. Учурда жабыркагандар боюнча маалыматтар жок. Ал эми митингдин катышуучуларына кылмыш иши козголуп жатканы маалым болду.

Ереванда 20-сентябрдан бери өкмөттүн имаратынын жанында нааразычылык акциясы уланууда. Буга чейин полиция кызматы митингге чыккан 84 адамды кармаганы кабарланган.

Эске салсак, 19-сентябрда Азербайжан Тоолуу Карабахта “конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү” максатында “жергиликтүү антитеррордук чаралар” башталганын жарыялаган.

20-сентябрда Тоолуу Карабах ок атууну токтотуу жана куралдарын таштай турганын билдирип, Азербайжан бийлигин республикада “борбордук” деп эсептей турганын жана Баку менен конструктивдүү диалог курууга ниеттенип жатканын маалымдаган.

21-сентябрда болсо Евлах шаарында Азербайжан бийлиги менен Карабахтагы армян өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, реинтеграция маселелерин талкуулашкан. Алиевдин өкүлү Элчин Амирбеков Sky News Arabia басылмасына берген маегинде, эки тараптын ортосундагы көйгөйлөр бир жолугушууда эле чечилип калбай турганын билдирсе, Карабахтагы армян өкүлдөрү Баку менен жыйынтыкталган келишим болбогонун жана айрым деталдарды макулдашуу керек экенин маалымдаган.

Ал эми бүгүн, 25-сентябрда Армения өкмөтүнүн басма сөз кызматы Тоолуу Карабахтан Арменияга 2,9 миңден ашуун адам жер которгонун билдирди.

Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган өкмөткө каршы демонстрациялар Азербайжандын Карабактагы “антитеррордук операциясына” жооп болду. Ал 19-сентябрда башталып, бир күндөн кийин Баку менен Степанакерттин ортосунда тынчтык келишимине жетишилгенден кийин аяктады. Митингдин катышуучуларына кылмыш иштери козголуп жатат.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан