Бүгүн, 27-сентябрда Арменияга Тоолуу Карабахтан 42 миңден ашык адам жер которду. Бул тууралуу армян өкмөтү билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Буга чейин 28 миңдей адамдын жер которгону айтылган.
Учурда Ереванда да абал тынч экени айтылууда. Армениянын борборунда 19-сентябрдан бери нааразычылык акциялары уюштурулуп жатат. Тургундар премьер-министр Никол Пашиняндын Тоолуу Карабахты Азербайжанга өткөрүп берди деп айыптап, анын кызматтан кетишин талап кылуу менен көчөлөрдү жаап салган.
Эске салсак, 19-сентябрда Азербайжан Тоолуу Карабахта “конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү” максатында “жергиликтүү антитеррордук чаралар” башталганын жарыялаган. Эртеси күнү эл аралык коомчулук тааныбаган республиканын акыйкатчысы Гегам Степанян социалдык тармактагы баракчасында Азербайжандын “антитеррордук” операциянын натыйжасында Тоолуу Карабахта 27 адам каза таап, 200дөн ашык адам жаракат алганын билдирген.
21-сентябрда Евлах шаарында Азербайжан бийлиги менен Карабахтагы армян өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, реинтеграция маселелерин талкуулашкан. Алиевдин өкүлү Элчин Амирбеков Sky News Arabia басылмасына берген маегинде, эки тараптын ортосундагы көйгөйлөр бир жолугушууда эле чечилип калбай турганын билдирсе, Карабахтагы армян өкүлдөрү Баку менен жыйынтыкталган келишим болбогонун жана айрым деталдарды макулдашуу керек экенин маалымдаган.