Билим берүү министрлигине талапкер Догдуркүл Кендирбаева мурдагы жетекчи Каныбек Иманалиев эмне себептен кызматтан кеткенин айтты

Бүгүн, 3-октябрда Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитети Билим берүү министрлигине талапкер Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлигин карап жатат.
Жыйындын жүрүшүндө Айбек Маткеримов: "Мурдагы министр Каныбек Иманалиев эмне үчүн кызматтан кеткенин билесизби?" деп сурады.
"Билем. Окуу китептеринин жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча маселе орун алган. Мен дал ошол маселени чечүүнүн үстүнөн иштейм. Экинчиден, министрликте антикоррупциялык өтө чоң тобокелдиктер бар, дал ошону кыскартуунун үстүндө иштейм. Башкача айтканда окуучулардын билим алуусуна тоскоол болгон факторлордун үстүнөн иш алып барам. Биринчи материалдык-техникалык базасын чыңдоо. Экинчиден мугалимдердин билим берүү сапатын жакшыртуу. Үчүнчүсү кенже курактагы балдарды өнүктүрүү", - деди ал.
Эскерте кетсек, Каныбек Иманалиев 7-сентябрда кызматынан бошотулган. Ал аталган кызматка ушул эле жылдын март айында дайындалган болчу. Анын ордуна Уланбек Усеков дайындалып, бирок бир айга жетпеген убакытта кайра кызматтан алынган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан