Бүгүн, 3-октябрда Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети Билим берүү министри кызматына Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлигин жактырды.
Белгилүү болгондой, анда талапкерди президенттин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырып, Кендирбаеванын ишмердүүлүгү жана кесиптик жетишкендиктери тууралуу айтып берди.
Эске салсак, 28-сентябрда президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Догдуркүл Кендирбаева билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Ага чейин бул кызматты убактылуу Уланбек Усеков ээлеп турган. Каныбек Иманалиев кызматтан алынган кийин дайындалган министр бир айга жетпеген убакытта ээлеген ордунан четтетилген болчу.
Жаңы дайындалган жетекчинин өмүр баянын окуу үчүн бул ссылка менен кириңиз.