Кемпир-Абад боюнча камалгандардын абактагы мөөнөтү узартылды

Бүгүн, 4-октябрда Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, абакта жаткандардын баш коргоо чарасы каралып, ал эки айга, тагыраагы, 4-декабрга чейин узартылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүнкү отурумда судья менен прокурорду четтетүү жөнүндө өтүнүч берилди. Бирок ал сот тарабынан канааттандыруусуз калтырылды.

Ошондой эле түшкү тыныгуудан кийин жактоочулар сотко келбегендиктен, кийинки соттук отурум 18-октябрга жылдырылды.

Эске салсак, кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жер тилкеси Өзбекстанга өткөнүнө каршы пикирин билдирип чыккан отузга жакын белгилүү саясатчылар жана активисттер былтыр октябрда кармалып, тергөө абагына камакка алынган. Алардын айрымдары кийин соттун чечими менен үй камагына чыгышкан.

Буга чейин 23-августта абакта жаткан саясатчылар Азимбек Бекназаров, Жеңишбек Молдокматов, президенттин Талас облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшебаев, активисттер Марат Баязов менен Айданбек Акмаматов соттук иштерге нааразычылыгын билдирип, ачкачылык жарыялашкан.

Ал эми 28-августта Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандардын ичинен Эрлан Бекчоро, Али Шабдан жана Акыл Айтбаев үй камагына чыккан.

Учурда 11 адам Кемпир-Абад иши боюнча тергөө абагында отурат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан