Билим берүү министрлигине жаңы жетекчи дайындалды

Догдуркүл Кендирбаева Билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров аталган Жарлыкка кол койду. Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесинин негизинде Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна мурда жүктөлгөн милдеттеринен бошотулуп, Билим берүү жана илим министри болуп дайындалды.

Эскерте кетсек, кечээ, 5-октябрда Жогорку Кеңеш Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлиги жактырган. Аны каттоодон өткөн 75 депутат бир добуштан колдоп берген болчу.

Ага чейин бул кызматты убактылуу Уланбек Усеков ээлеп турган. Каныбек Иманалиев кызматтан алынган кийин дайындалган министр бир айга жетпеген убакытта ээлеген ордунан четтетилген эле.

Жаңы дайындалган жетекчинин өмүр баянын окуу үчүн бул шилтеме аркылуу кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан