Парламент Билим берүү министри кызматына Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлигин колдоду 

Бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлиги жактырылды. Аны каттоодон өткөн 75 депутат бир добуштан колдоп беришти.

Эске салсак, 28-сентябрда президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Догдуркүл Кендирбаева билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Ага чейин бул кызматты убактылуу Уланбек Усеков ээлеп турган. Каныбек Иманалиев кызматтан алынган кийин дайындалган министр бир айга жетпеген убакытта ээлеген ордунан четтетилген болчу.

Жаңы дайындалган жетекчинин өмүр баянын окуу үчүн бул шилтеме аркылуу кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан