Сокулук районунун Ново-Павловка айылында 23 жаштагы Нурайым Өмүрбекова дайынсыз жоголуп, изделип жатат. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Милициянын маалыматына ылайык, ал 6-октябрь күнү Ново-Павловкадагы Крупская көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес.
Белгилери: Бою 158 сантиметр, салмагы 40 килограмм, үстүндө агыш куртка кийген жана рюкзак асынган. Ал дайыма көз айнек тагынып жүрөт.
Бул факты Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, дайынсыз жоголгон жарандын жүргөн жерин аныктоо максатында тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.
Урматтуу жарандар! 2000-жылы туулган Өмүрбекова Нурайым Нурматовнанын жүргөн жери тууралуу маалыматыңыз болсо 0558 86-14-86, 0313453380 телефондору аркылуу байланышсаңыз болот.