Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчы Садыр Жапаровдун Орусиянын Ардак ордени менен сыйланышы боюнча комментарий берди.
"Орусия тараптын президент Садыр Жапаровду сыйлоо чечими Кыргызстан менен Орусия ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты чыңдоого, ошондой эле Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн кабыл алынды.
Атап айтканда, акыркы эки жарым жылда Кыргызстанда бажылык башкарууну жакшыртуу, бажы органдарынын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык элементтерди жоюу боюнча бир катар маанилүү чаралар көрүлгөнүн белгилей кетүү керек.
Эгерде 2020-жылы Кыргызстанда бажы төлөмдөрү 28 миллиард сомдон бир аз ашыгыраак болсо, 2022-жылдын жыйынтыгы менен 74,3 миллиард сомду түзгөн. Ал эми 2023-жылдын жыйынтыгында 103 миллиард сом көлөмүндө бажы төлөмдөрү түштү.
Айырмасын байкасак, 2020-жылга чейин 70 миллиард сомдой акча каражаты мамлекеттик казынага эмес, коррупциялашкан чиновниктердин чөнтөгүнө түшүп келгенинен кабар берип турат.
Кыргыз Республикасы ЕАЭБге мүчө болгондон бери биринчи жолу, кыргыз тарап 2022-жылы ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерден алган суммага караганда, Биримдикке мүчө башка мамлекеттердин бөлүштүрүлгөн үлүштөрүнө ылайык, бажы алымдарын көбүрөөк сумма которгонун белгилей кетүүгө болот.
Алсак, 2022-жылы Кыргызстан ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттерге 20 миллиард 116,9 миллион сом өлчөмүндө бажы алымдарын которгон, ошол эле маалда ЕАЭСтен 16 миллиард 248,2 миллион сом кайра алганбыз.
Башкача айтканда, Кыргыз Республикасы бөлүштүрүү ченемдерине ылайык, ЕАЭБке 4,2 миллиард сом калтырган. Пайда келтирген.
2023-жылдын жыйынтыгында бажыдан түшкөн кирешелердин өсүшүн эске алуу менен бөлүштүрүү ченемдерине ылайык, ЕАЭБке 17-18 миллиард сомдой бажы алымдарын калтырабыз деп турабыз. Бул деген соз биз кыргызстандын эле бажы чонтогун толтурбастан ЕАЭБке да пайда келтире баштаганыбызды билдирет" - деп жазган Султанбаев.
Маалымат үчүн:
- 2016-жылы Кыргызстан ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерге 11 миллиард 967,9 миллион сом которгон, 13 миллиард 094,6 миллион сом кайра алган;
- 2017-жылы ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерге 12 миллиард 329,1 миллион сом которгон, 15 млрд 358,5 миллион сом кайра алган;
- 2018-жылы ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерге 15 миллиард 324,9 миллион сом которгон, 16 миллиард 169,8 миллион сом кайра алган;
- 2019-жылы ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерге 11 млрд 249,9 миллион сом которгон, 17 миллиард 106,9 миллион сом кайра алган;
- 2020-жылы ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерге 6 миллиарб 042,5 миллион сом которгон, 16 миллиарб 840,2 миллион сом кайра алган;
- 2021-жылы ЕАЭБге мүчө- мамлекеттерге 13 миллиард 024,4 миллион сом которгон, 22 миллиард 077,0 миллион сом кайра алган;
- 2022-жылы ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерге 20 миллиард 116,9 миллион сом которгон, 16 миллиард 248,2 миллион сом кайра алган; (4,2 миллиард сом ЕАЭСте калган)
- 2023-жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерге 25,8 миллиард сом которулду, 16 миллиард 375,1 миллион сом түштү. (Жылдын аягына чейин 17-18 миллиардга чейин жетет)".