2024-жылы КМШга төрагалык кылуу Орусияга өтөт

2024-жылдын 1-январынан тарта Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдарына төрагалык кылуу Орусияга өтөт. Бул тууралуу КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев билдирди.

“КМШга төрагалык кылуу маселеси каралды. Делегациялардын башчылары 2024-жылы Шериктештикке төрагалык кылууну Россия Федерациясына өткөрүп берүү чечимин кабыл алды”, - деди Лебедев.

Айта кетсек, кечээ, 13-октябрда Бишкек шаарында Кыргызстандын төрагалыгы астында КМШга мүчө мамлекет башчыларынын кезектеги саммити өттү. Ага Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан мамлекеттеринин башчылары катышты. Анын жыйынтыгы менен 16 документке кол коюлду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан