Илхам Алиев Тоолуу Карабахтын борборунда азери туусун көтөрдү

15-октябрда Азербайжандын президенти Илхам Алиев Тоолуу Карабах (Коомчулук тааныбаган) республикасынын мурдагы борбору Степанакерте (азыр Ханкенди) азери туусун көтөрдү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн президентинин расмий сайтына жарыяланды.

Маалым болгондой, муну менен Азербайжан Карабах боюнча толук суверенитетти калыбына келтиргенин көрсөттү.

"Экинчи Карабах согушу токтогондо, бул учур келерин билгем. Ошол күндөн бери үч жылга жетпеген убакыт өттү. Биз бул жерде, Ханкендиде, Ханкенди шаарынын борборунда, Азербайжандын герби астында, Азербайжандын желеги астында турабыз. Бул чоң бакыт жана тарыхый окуя", - деп белгиледи мамлекет башчысы Алиев.

Белгилей кетсек, Хожавенд шаары 1992-жылдын 2-октябрында Армениянын куралдуу күчтөрү тарабынан оккупацияланган. 2023-жылдын сентябрындагы ок атышпоо келишиминен кийин шаар Азербайжандын көзөмөлүнө өттү.

Эске салсак, 19-сентябрда Азербайжан Тоолуу Карабахта “конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү” максатында “жергиликтүү антитеррордук чаралар” башталганын жарыялаган.

20-сентябрда Тоолуу Карабах ок атууну токтотуу жана куралдарын таштай турганын билдирип, Азербайжан бийлигин республикада “борбордук” деп эсептей турганын жана Баку менен конструктивдүү диалог курууга ниеттенип жатканын маалымдаган.

21-сентябрда Евлах шаарында Азербайжан бийлиги менен Карабахтагы армян өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, реинтеграция маселелерин талкуулашкан. Алиевдин өкүлү Элчин Амирбеков Sky News Arabia басылмасына берген маегинде, эки тараптын ортосундагы көйгөйлөр бир жолугушууда эле чечилип калбай турганын билдирсе, Карабахтагы армян өкүлдөрү Баку менен жыйынтыкталган келишим болбогонун жана айрым деталдарды макулдашуу керек экенин маалымдаган.

28-сентябрда таанылбаган Тоолуу Карабах Республикасынын президенти Самвел Шахраманян 2024-жылдын 1-январынан тарта өлкөнү жокко чыгаруу буйругуна кол койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан