Кыргызстанда казинолор ачылгандан бери мамлекеттик бюджетке дээрлик 90 миллион сом салык, ал эми лицензиядан 210 миллион сом түштү. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова билдирди.
Жыйында "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жаткан.
Анда депутат Мирлан Самыйкожо "Ушул мыйзам кабыл алынып жатканда бир кара баштуу киши келип, "Жылына 2 миллиард сом түшөт" дебеди беле, ал эмне болду?" деп суроо салды.
Усенбекова мыйзамды кабыл алып жаткан учурда жалпылап болжолдуу эсептөөлөрдү жүргүзүшкөнүн, мурда өлкөдө кумарканаларды иштетүүгө тыюу салынган убакта 16 казино иштеп тургандыгын айтты. Мындан сырткары ал кийинчерээк кумарканалар тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизилип, мүмкүнчүлүктөрдү көбөйтүү үчүн төлөмдөр азайтылганын кошумчалады.
"Демек, мүмкүнчүлүктөрдү ачып берип, казинолорду көбөйтүү үчүн кылып бергенбиз да аны дагы биз. Каргыш тийгир, биз. Эми "Оюн-зоок иши жөнүндө" деп атпайбызбы. Ушул мыйзамдын атын "Кумар оюн-зоок иши жөнүндө" деп оңдоп койгула. Бул кумар. Ушуну улуттук дөөлөттү, мурасты коргогондой коргоп жатканыбызга кейийм да", - деди Самыйкожо.
Өлкөдө казино ишмердигине уруксат берген мыйзамга президент Садыр Жапаров 2022-жылы 30-июнда кол койгон. Парламентте мыйзам талаш-тартыш менен кабыл алынган.
Бишкек, Ош шаарларында казино иштетүүгө уруксат берген мыйзамды кабыл албоого чакырган митингдер өткөн.
Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев 25-майдагы парламент жыйынында казинолордон өкмөт убадалаган каражат бюджетке түшпөсө кайрадан жабыш керек деген пикирин билдирген.
Эл өкүлү Министрлер кабинети кумар оюндарына уруксат берүү мыйзамын алып келгенде жылына бюджетке 2 миллиард сомдон ашык акча түшөрүн билдиргенин эске салган .