"ОПГ жок болду, эми жабалы". Кадырбеков казинолордун ишмердүүлүгүнө кайрадан тыюу салууну сунуштады

Бүгүн, 15-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков Кыргызстанда казинолордун ишмердүүлүгүнө кайрадан тыюу салууну сунуштады.

Кадырбеков бул маселе боюнча элдин пикирин сурап, референдум өткөрүлсө дагы калктын 90 пайызы кумарканаларды жапкыла дей турганына кепилдик берди.

"Мен казинолорду ачууга эмнеге уруксат берип койдук түшүнө албайм. Мамлекет башчыларыбыз Кудай деген кишилер, ыймандуу адамдар. Депутаттардын арасында деле ыймандуулар көп. Мага бул ОПГнын ( УКТ - уюшкан кылмыштуу топ) басымы менен болду деген да маалыматтар жеткен. Азыр мына УКТ жок болуп жатат. Алар менен болгон күрөш жемиштүү болуп, аяктап баратат", - деди эл өкүлү.

Ошондой эле ал кумар оюндарына болгон көз карандылык баңгиликтен да кооптуу экенин айтып, акчасын уттуруп карыз болгон адам ар кандай кылмыштардан, атүгүл адам өлтүрүүдөн да кайра тартпай каларын кошумчалады.

"Кайрадан жабуунун жолун караштыргыла. Ошондо тарыхта жүзүбүз жарык бойдон калабыз", - деди Кадырбеков.

Өлкөдө казино ишмердигине уруксат берген мыйзамга президент Садыр Жапаров 2022-жылы 30-июнда кол койгон. Парламентте мыйзам талаш-тартыш менен кабыл алынган.

Бишкек, Ош шаарларында казино иштетүүгө уруксат берген мыйзамды кабыл албоого чакырган митингдер өткөн.

Жогорку Кеңеш 15.11.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан