Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында ойноп жүргөн жеринен үч бала дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Андагы маалыматка ылайык, 2010-жылы туулган Нурислам Мураталиев, Замирбек Мамбетов жана 2012-жылы туулган Нурмуханбет Мураталиев 12-ноябрь күнү саат 17:00 чамасында көчөдө ойноп жаткан жеринен дайынсыз жоголгон.
Учурда балдардын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Нурислам Мураталиевдин белгилери: бою-1,35-1,40 см, чачы күрөң түстө, көзү кара, орто дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: үстүндө кара түстөгү куртка, көк түстөгү толстовка, кара түстөгү спорттук шым, бутунда кара спорттук бут кийим.
Нурмуханбет Мураталиевдин белгилери: бою-1,25-1,30 см, чачы күрөң түстө, көзү кара, орто дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: үстүндө бордовый түстөгү толстовка, астында кара түстөгү спорттук шым, бутунда ак түстөгү тапочка болгон.
Замирбек Мамбетовдун белгилери: бою-1,45-1,50 см, чачы күрөң түстө, көзү кара, орто дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: үстүндө кара түстөгү куртка, көгүш түстөгү толстовка, кара түстөгү спорттук шым, бутунда таманы ак кара түстөгү спорттук бут кийим болгон.
Милиция жогорудагы өспүрүмдөрдү көргөндөр болсо, 102, (03746) 5 12 00, 0704 92 76 66; 0708 39 01 39 телефон номурлары аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.