Жогорку Кеңеште жаңы депутат ант берди

Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңешке жаңы депутат болуп келген Чынберди Төлөнов ант берди.

Парламент төрагасы Шакиев жаңы кесиптешинин ишине ийгиликтерди каалады.

Ал жасалма диплом чырынан кийин мандатынан ажыратылган партиялашы Фархат Исмаиловдун ордуна келди.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы 6-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов ("Ата Журт Кыргызстан" фракциясы) менен Фарходбек Алимжановду ("Альянс" фракциясы) жасалма диплом алган деген негиз менен мандатынан ажыратуу чечимин чыгарган.

Алар мындай чечимге каршы сотко кайрылган. Бишкектин административдик соту алардын арызын канааттандырган эмес. Бишкек шаардык соту 3-августта Фархат Исмаиловду мандатынан ажыратуу боюнча биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

30-октябрда Жогорку сот биринчи жана экинчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан