Эдил Байсалов эл өкүлү Аида Исатбек кызынын дооматына жооп берди

Эдил Байсалов депутат Аида Исатбек кызынын дооматына жооп берди.

"Бийлик бутактары ынтымакта иштеши керек. Сый-урмат эки тараптуу болгону жакшы. Бул жерде "мен депутатмын, сен унчукпай отур" деген дагы этикага жатпайт" деди ал бүгүнкү Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги маалымат жыйында.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Англиянын парламентин мисалга алып, "Жакында эле Жогорку Кеңештин депутаттары Лондонго барып келишти. Англиянын парламенти "дүйнө жүзүндөгү парламенттердин энеси" деп аталат. Ошол жердеги этиканы, эрежени карайлы. Анан эле кагып-силкип, 50-60 кишини чогултуп алып "сен билбейсиң" деген этикага туура келбейт. Эми мен аларга тыюу сала албайм. Бирок мен айтып коёюн, бул өкмөт ишин улантат", - деди ал бүгүнкү маалымат жыйынында.

Белгилей кетсек, бүгүн, 6-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Байсаловду эл өкүлү Аида Исатбек кызы кескин сынга алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан