Мамлекеттик тууну өзгөртүү сунушуна добуш бербей калган депутаттар эмне дейт? (Видео)

Жогорку Кеңештин 29-ноябрдагы жыйынында мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Анда каттоодон өткөн 80 депутаттын 66сы "макул", сегизи "каршы" добуш берген. Ал эми дагы 6 эл өкүлү добуш берген эмес.

SUPER.KG порталы мыйзам долбооруна добуш бербей калган депутаттардан эмне себептен позициясын билдирбей койгондугун сурап көрдү.

Эл өкүлү Айгүл Айдарова добуш берүүгө үлгүрбөй калганын билдирди.

"Желекти өзгөртпөй эле койсок жакшы болмок. Тууну кайсы учурда алмаштырат жакшы билесиздер да", - деди Айдарова.

Ал эми "макул" деп добуш берген депутаттардын катарында аты аталган Искендер Матраимов тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору каралган күнү жүйөлүү себептерден улам жыйынга келбегендигин, анын ордуна башка бирөө добуш берип койгонун айтты.

"Ал күнү жубайым операция болуп, жыйынга келе албай калгам. Мен добуш берген эмесмин, компьютеримден башка бирөө добуш берип коюптур. Бизди эл шайлаган. Эгерде көпчүлүк эл каршы болсо, биз элдин пикирине макул болушубуз керек", - деди Матраимов.

Талкуу маалында сунушталып жаткан туудагы күн нурлары мыйзамдагы уурулардын жылдызына окшошуп калганын айтып сынга алган депутат Акбөкөн Таштанбеков да добуш берүүгө катышкан эмес. Ал кимдир бирөөгө жолугуу үчүн сыртка чыгып кеткенин, өзү бул демилгеге каршы пикирде экенин билдирди.

Ал эми эл өкүлү Эмил Жамгырчиев эл кандай пикирде болсо, ошол пикирди карманарын айтып, туу парламентке эмес, элге таандык экенин белгиледи.

Мамлекеттик тууну өзгөртүү сунушуна добуш бербей калган депутаттар эмне дейт?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан