"Эй, АКШ". Эрдоган БУУнун Газа боюнча резолюциясын бөгөттөгөн АКШга дароо жооп кайтарды

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Вашингтондун Газа тилкесинде ок атышууну токтоосуз токтотуу боюнча БУУнун резолюциясынын долбооруна вето коюу чечимине комментарий берди. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Түрк лидери Америка Кошмо Штаттарынын катышуусу менен адилеттүү тынчтык мүмкүн эмес экенин айтты.

"АКШ гана ок атышпоого каршы добуш берди. Бул адилеттүүбү? Биз адилеттүү тынчтык болушу мүмкүн деп жатабыз, бирок Америка менен эмес. АКШ Израиль тарапта болду. Эй, АКШ, муну кантип түшүндүрөсүң?", – деген Эрдоган.

Ал БУУнун Коопсуздук Кеңешин реформалоого чакырып, бул уюмга туруктуу мүчө болгон дүйнө беш мамлекеттен чоң экенин белгилеген.

"7-октябрдан бери БУУнун Коопсуздук Кеңеши Израилди коргоп, ага кам көрүүчү кеңешке айланды. БУУнун Коопсуздук Кеңешин реформалоо милдеттүү шарт болуп калды. Адамзат мындай Бириккен Улуттар Уюму жана Коопсуздук Кеңеши менен эч нерсеге жетише албайт", - деген түрк президенти.

Буга чейин БУУнун Коопсуздук кеңешинин 15 мүчөсүнүн 13ү Газа тилкесинде ок атышууну токтоосуз токтотуу боюнча резолюция үчүн добуш берип, Улуу Британия бейтарап калган, ал эми АКШ документке вето койгон, ошол себептен ал кабыл алынган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан