Интернетте Орусияда келтектелген кыргыз кызы тууралуу жаңы тасма пайда болду. 16-декабрда социалдык тармактарга чыккан бул тасмада Айнагүл аттуу кызды "башка улуттун өкүлү менен жүрдү" деп кыргыз жигиттери көчөдө ур-токмокко алган. Окуя Москвада болгон, бирок тасма качан тартылганы белгисиз.
Бүгүн, 17-декабрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев бул боюнча иликтөө башталганын билдирди.
Эске салсак, 2012-жылы да “Патриот” кыймылынын мүчөлөрүбүз деген жигиттер тобуна кордолгон кыздар тууралуу тасмалар интернетке жайылган. Алардын арасынан Сапаргүл деген айым “Супер-Инфо” гезитине жана SUPER.KG порталына маек куруп да берген болчу. Орусиядагы кыргыз кыздарын башка улуттун өкүлдөрү менен жүргөнү үчүн келтектеген “Патриот” кыймылынын мүчөлөрүнө күч кызматкерлери тарабынан издөө жарыяланып, айрымдары колго түшкөнү да кабарланган. Бирок алардын соттолгон же соттолбогону тууралуу маалымат жок.