Президент Оштун мэрин кызматтан алабы? Ал депутаттардын мэрге ишенбөөчүлүк көрсөткөнү боюнча үн катты

Президент Садыр Жапаров Ош шаардык кеңешинин депутаттары мэр Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүп жатканына макул эмес. Бул тууралуу мамлекет башчысы 12-декабрда "Кабар" агенттигине курган маегинде билдирди.

14-ноябрда Ош шаардык кеңеши кезектеги сессиясында калаа башчысы Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечимин кабыл алган. Анда жашыруун добуш берүүгө 42 депутат катышып, алардын 39у ишенбөөчүлүк көрсөтүү сунушун колдошсо, үчөө каршы чыккан. Алар негизинен шаардык кеңештин токтомдору аткарылбай жатканын жүйө келтиришкен.

Президент Жапаровдун аталган чечим боюнча билдирген пикири толугу менен төмөндө:

Ош шаардык кеңеши калаа башчысы Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча токтом кабыл алган. Алар негизинен шаардык кеңештин токтомдору аткарылбаганын жана “Классик” мейманканасынын кожоюну вице-мэр менен мэрдин кеңешчиси кысым кылууда деген арызын да жүйөө келтиришкен. Сиз шаардык кеңештин чечимине макулсузбу? Колдоп бересизби бул чечимди?

— Макул эмесмин. Колдобойм. Себеби ал жакта эмне болуп жатканын, артында кайсы депутаттардын жеке кызыкчылыгы, жеке таарынычтары тургандыгын жакшы билем. Иштеп жаткан жетекчилерди өчөшүп алган депутаттардын жеке таарынычтарынын кесепетинен эле кызматтан алып "ыргыта" берсек, эртең эч ким иштебей коёт. Мамлекеттик кызматтагы милдеттерин сапаттуу деңгээлде аткарбай коёт. Мен мындай учурларды дайыма жеке өзүм териштирип, абдан дыкат иликтегенден кийин анан адилеттүү чечим кабыл алам. Антпесем жакшы иштеп жаткан мамлекеттик кызматкерлерден ажырап калабыз.

Депутаттар "мыйзам иштеш керек, биздин токтом аткарылыш керек" деген талап коюп атышыптыр. Мыйзамдардын так аткарылышын, адилеттүүлүктү, калыстыкты талап кылардан мурда өздөрү адилеттүү болушсун, өздөрү мыйзамдарды сыйлашсын, өздөрү коррупция менен шугулданганды токтотушсун. Ошондон кийин анан мыйзам жөнүндө сөз кылышса жарашат. Жаңы мэрди коюп жатканда "Ошту ирээтке келтир" деп тапшырма бергем. Ошто мыйзамсыз, талапка жооп бербеген башаламан курулуштар бар экенин Ош шаарынын жашоочулары жакшы билишет. Мэр ошолордун баарын ирээтке келтирип, бузчусун бузуп жатат.

Албетте, андай иштер мыйзамсыз курулуш куруп алган депутаттарга жакпайт. Арасында коррупция менен жан баккан депутаттар да жок эмес. Мен азырынча алардын баарынын аттарын атабай эле турайын. Керек болсо учуру келгенде баарын атаймын.

Жерлерди, имараттарды мыйзамсыз алгандардан кайра мамлекетке кайтарып жатат.

Баса, “мурдагы мэрлер чай берип турушчу эле” дешип, "анда-санда депутаттарды чогултуп чай берип турбайсың" деген дооматтары да бар экен. Ошончо депутатка чай бериш үчүн мэрдин, бир айлыгын биякка коёлу, үч айлык эмгек акысы жетпейт. Анын баарына чай берип туруш үчүн мэр мэриянын бюджетинен уурдаш керек. Демек мурдагы мэрлер уурдап чай берип жүрүшкөн. Мындан ары чай дегенди унутуш керек. Элдин ырыскысын уурдап жегенден өздөрү уялбайбы.

Депутат болуп шайланарда “асмандагы айды алып берем, кулуңар болуп иштеп берем” дегенге чейин барышат. Өтүп алгандан кийин "хандай" жашагылары келишет. Мындан кийин эл дагы кимди шайлашты жакшы билиши керек. Кадыр-барктуу эле жарандарыбыз “тууганым эле, досум эле, добушуңарды берип койгула” деп түтүнмө-түтүн кыдырганды токтотуш керек.

Чындап келсе кимди шайлашты эл өзү жакшы эле билет. Анан эле орто жолдо адаштырып буруп кеткендер элди жаңылтат. Кыскасы мейли ким болбосун, жеке кызыкчылыгы келгенде мыйзам деп кыйкыра бербей мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын жогору койгонду үйрөтүшүбүз керек. Ошого үйрөнгүлө, баары бир үйрөтөбүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан