Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо мамлекеттик тууга өзгөртүү киргизилген күндө деле, качандыр бир убакта бийлик алмашкандан кийин азыркы туу кайра кайтып келерин айтты. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 19-декабрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Комитетте тууга өзгөртүү киргизүү туралуу мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жаткан. Эл өкүлү коңшу Казакстан дагы бир мезгилде Астана шаарынын атын өзгөртүп Нур-Султан кылганын мисал келтирип, айланып келип Нур-Султан аты алынып, кайра Астана шаары болуп калганын белгиледи.
"Мен президентибиздин саясатына каршы эмесмин, колдойм. Бирок тууну өзгөртүүгө каршымын. Айтайын дегеним, ушул бийликтин өмүрү узун болсун, мамлекетибизде стабилдүүлүк болсун, байрагыбыз түшпөсүн, келечегибиз кең болсун, эгемендүү элибиздин эртеңине кеч кирбесин! Бирок урматуу авторлор, 20 жыл болобу, 30 жыл болобу бийлик алмашкандан кийин кайра ушул желек кайтып келерине бөркүңөрдөй ишенип койгула! Айтпады дебегиле, бөркүңөрдөй ишенип койгула!", - деди Самыйкожо.
Белгилей кетсек, Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев 2019-жылдын 19-мартында президенттиктен кеткенден бир күн өткөндөн кийин кызматка киришкен президент Касым-Жоомарт Токаев парламентте борбор шаар Астана шаарынын атын Нурсултан деп өзгөртүү сунушун киргизген.
Өлкөнүн ар кайсы аймактарында өткөн митингдерге жана кол топтоо кампанияларына карабастан, 2019-жылдын 23-мартында Парламент Сенатында бул сунуш бир добуштан кабыл алынып, өлкөнүн борбору "Нур-Султан" деп аталган.
Бирок арадан көп өтпөй 2022-жылдын 17-сентябрында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстандын борборун Нур-Султан шаарынан мурдагы Астана деп өзгөртүү тууралуу жарлыкка кол койгон.
Ага "Жаңы Казакстан" партиясынын ошол жылдын 2-сентябрында Нур-Султан шаарын кайрадан Астана деп өзгөртүү тууралуу сунуш киргизгени сепбеп болгон. Алардын айтымында, көзү тирүү кишинин атын шаарга ыйгаруу туура эмес, ошондой эле калк да бул аталышты кабыл алган эмес. Бул сунушка Токаев да макул болгон.