Шайлоого катышпагандарга маалым кат бербей коюу сунушталууда

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов шайлоого катышпаган жарандарга мамлекеттик мекемелер үч айдан алты айга чейин маалыматтарды бербей коюусун сунуштоодо. Мыйзам долбоору 21-декабрда парламенттин сайтында коомдук талкууга коюлду.

Документте мындан тышкары добуш бербеген жарандардын аңчылыкка чыгуу үчүн берилген укугунан же лицензиясынан ажыратуу каралган.

Демилгечи депутат мындай тажрыйба шайлоого жарандардын көп катышуусун камсыз кылат деп эсептейт. Ал мыйзам долбоорун иштеп чыгууда Европа өлкөлөрүнүн, Австралиянын, Бразилиянын жана Түркиянын тажрыйбасын эске алганын белгилеген.

Икрамов буга чейин шайлоого катышпаган жарандарга айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун даярдап, 13-июлда коомдук талкууга койгон.

Жогорку Кеңештин 29-ноябрдагы жыйынында эл өкүлү документти оңдоп-түзөп, кайрадан иштеп чыгарын айтып, артка чакыртып алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан