Садыр Жапаров Прагада болгон трагедияга байланыштуу Чехиянын президентине көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Прагада болгон трагедияга байланыштуу Чехиянын президенти Петр Павелге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

"Прага шаарындагы Карлов университетинде ок атуунун кесепетинен адамдар каза болуп, жаракат алгандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана чех элине көңүл айтып аза кайгысын тең бөлүшөм, жарадар болгондордун тезирээк сакайып кетишин тилейм", - деп айтылат телеграммада.

Эске сала кетсек, 21-декабрда Праганын борборундагы Карлов университетинде болгон атышуудан 14 адам курман болуп, 25и ар кандай деңгээлдеги жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан