Президенттик администрацияда кадрдык өзгөрүүлөр болду

Санжар Муканбетов президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

"Өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Муканбетов Санжар Турдукожоевич президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары - тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин аталган кызматты аркалап келген Канат Сагынбаев бүгүн башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.

Санжар Муканбетов 1972-жылы 12-декабрда Бишкек шаарында төрөлгөн. 1994-жылы Кыргыз техникалык университетин бүтүргөн. 2003-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин экономист адистиги боюнча аяктаган. 2011-2014 -жылдары экономика министринин орун басары, 2018-жылдын январь айынан апрелге чейин вице-премьер-министр, 2019-2021-жылдары экономика министри кызматтарын аркалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан