Бүгүн, 18-январда Чыңгыз Бапаев Оштун Алай районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.
Жаңы дайындалган аким 38 жашта. Ал буга чейин Ысык-Көлдүн Каракол шаарынын мэри да болуп иштеген.
Эскерте кетсек, Алай районунун буга чейин Азамат Кожомамбетов жетектеп келген. Ал берген арызынын негизинде кызматтан бошотулганы айтылган болчу.