Екатеринбургда күч органдары мигранттарга орой мамиле кылганы боюнча парламент Мамдумага кайрылат

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коопсуздук жана миграция иштери боюнча комитети Орусиянын Мамлекеттик думасына Екатерингбургдагы окуя боюнча кайрылат. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда аталган комитеттин төрагасы Улан Примов билдирди.

Эл өкүлү курулушта иштеген мигранттарды текшерүү учурунда адам укугун бузуу болгонун белгиледи.

"Социалдык тармакта тараган видео боюнча сөзсүз реакция кылыш керек. Биз тийиштүү иш-чараны жүргүзөбүз. Мамлекеттик Думага, андагы тийиштүү комитеттин башчысы Леонид Калашниковго кайрылабыз. Биз ЕАЭБ уюмуна киргенден кийин сый мамиле кылууну талап кылабыз", - деди Примов.

Ошондой эле ал Екатеринбургдагы мекендештерибиз тарабынан миграциялык мыйзам бузуулар аныкталбаганын кошумчалады.

Буга чейин социалдык тармактарда Екатеринбургда курулушта мыйзамсыз иштегендерди издөө учурунда милиция жана прокуратура кызматкерлеринин чет өлкөлүк жумушчуларга орой мамиле жасаганы тартылган видео тараган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги рейд учурунда үч курулуш объектисинде 150 чет элдиктин ичинен Кыргызстандын 40 жаранынын документтерин текшерүү фактысы аныкталганын билдирген.

Жогорку Кеңеш 22.01.24.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан