Путин бешинчи жолу Орусиянын президенттигине талапкер болуп катталды

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы Владимир Путинди президенттикке талапкер катары каттады. Боршайкомдун башчысы Элла Памфилова чечим бир добуштан кабыл алынганын айтты. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Путин үчүн алдыдагы президенттик шайлоо саясий карьерасындагы бешинчи шайлоо болот, ага чейин ал төрт жолу мамлекет башчылыгына шайланган (2000, 2004, 2012, 2018-жылдар). Андагы эң мыкты жыйынтыкты ал 2018-жылы көрсөткөн, анда Путинге шайлоочулардын 76,69 пайызы добуш берген.

Орусияда президенттик шайлоо 15-марттан 17-мартка чейин өтөт. Орустар жаңы мамлекет башчысына онлайн режиминде да добуш бере алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан