Грузиянын премьер-министри кызматтан кеткенин айтты

Кечээ, 29-январда Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили кызматтан кеткенин жарыялады. Ал Тблисиде сүйлөгөн үч мүнөттүк сөзүндө өкмөттү жетектөөгө "башкаларга" да мүмкүндүк берүү зарыл экенин айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, Гарибашвили кызматтан кеткенден кийин бийликтеги "Грузин кыялы" партиясынын лидери бойдон кала берет. Ал быйыл күзүндө өтө турган парламенттик шайлоодо жеңишке жетүү үчүн даярдыкты баштоого мезгил келгенин белгиледи.

Азырынча өлкөнүн жаңы премьер-министри ким болору айтыла элек.

Ираклий Гарибашвили Грузиянын премьер-министри болуп 2021-жылдын декабрында дайындалган. Бул кызматты ал ага чейин 2013–2015-жылдары да ээлеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан