ММА мушкери аял менен анын 5 жаштагы кызын өлтүргөнгө шектелүүдө

Тажик улутундагы ММА мушкери Новосибирскте 39 жаштагы аял менен анын 5 жаштагы кызын өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Мушкер Орусиядан чыгып кетүүгө үлгүргөн, ал Өзбекстанга бара жаткан жеринен казак чек арачылары тарабынан кармалган. Маалыматка караганда, киши өлтүрүү Новосибирск шаарынын Киров районунда болгон. Маркумдун туугандарынын айтымында, аял Казакстандан ири суммадагы акча алган соң Нововсибирскке келген. Ал 1,5 миллион рублга унаа сатып алгандан кийин кызы экөө дайынсыз жоголгон. Унааны сатып алууга жардам берген 31 жаштагы адам негизги шектүү болуп калды.

Фарход деп аталган кармалган адам 4 жеңиш жана 6 жеңилүү менен беттештерге чыгып келет. Ал ошондой эле такси айдоочусу болуп иштеген жана 2021-жылы жүргүнчүнүн телефонун уурдаганы үчүн соттолгон.

Учурда ал кармалып, тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан