"Клон" сериалында башкы ролдордун бирин ойногон актриса каза болду

Популярдуу "Клон" сериалында күң кыз Зорайденин ролун аткарган актриса Жандира Мартини көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, трагедия 29-январда болгон. 79 жаштагы "Клон" жылдызынын өлүмүнүн себеби азырынча белгисиз, бирок ал өпкө рагы менен ооруганы айтылууда.

Дүйнө жүзүндөгү интернет колдонуучулар трагедияга ишенбей жатышканын жазышууда.

Актриса сейрек интервью берип келген. Ал кесиптеши Маркус Карузого турмушка чыгып, андан эки бала төрөгөн.

Жандира Мартини 1945-жылы 10-июлда Бразилиянын Сантус шаарында туулган. Кыргызстандыктарга ал "Клон" сериалындагы Зорайденин ролу менен таанымал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан