Өжөр деген ушул. Орусияда эки айдоочу бири-бирине үч саат бою жол бербей турду (видео)

Татарстанда эки айдоочу кар баскан көчөдө бири-биринин өтүүчү жолун бууп, жол бербей, үч саат бою турушкан. Бул тууралуу Маш телеграм каналы жазды.

Окуя Казань шаарындагы Юлиус Фучик көчөсүндө болгон. Айдоочулар көп кабаттуу үйдүн жанындагы жолдо бири-бири менен 29-январь күнү саат 22:33дө кез келишкен. Айдоочулар өжөрлөнүп бири-бирине жол бербей тура беришкен. Жыйынтыгында саат 01:53тө алар кайра артка кетишкен.

Окуя болгон жерге полиция кызматы чакырылган. Бирок алар келгиче айдоочулар окуя болгон жерден кетип калышкан.

Өжөр деген ушул. Орусияда эки айдоочу бири-бирине үч саат бою жол бербей турду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан