Дональд Трамп үчүн жасалган Lamborghini унаасы аукциондо сатылды

АКШда өткөн аукциондо 1997-жылы чыгарылган Lamborghini Diablo спорттук унаасы сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Спорттук унаа АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын жеке буйругу менен жасалган. Унаа згөчө көк түскө боёлгон. Анын ички жасалгасы ак жана кара булгаары менен кооздолгон Lamborghini Diablo VT Roadster 5,7 литрлик V12 кыймылдаткычы менен жабдылган, ал 492 аттын күчүгнө барабар. Унаа 4,1 секундда саатына 100 чакырымга чейин ылдамдай алат.

Дональд Трамп бул унааны 1997-2002-жылдары айдаган. Андан кийин унаанын дагы эки ээси болгон. Суперкар эң сонун сакталган, ал эми анын жүрүүсү 24 миң 831 километрди түзөт.

Аукциондун жыйынтыгында АКШнын мурдагы президентинин унаасы үчүн 1 миллион 100 миң долларга сатлган.

1997-жылы дүйнөдө бул үлгүдөгү жалпысынан 132 унаа чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан