Учактардын асмандагы тыгынын уккансызбы? Учкуч аны көрсөттү (видео) 

Интернетте жарандык авиациянын учкучу Александр Небылица учактардын тыгыны асманда кандай болорун көрсөткөн видео популярдуу болууда. Видео анын жеке TikTok баракчасына жарыяланган жана миллиондо ашык көрүү топтоду.

Видеодо Небылица учуп бараткан учактын аэропорттогу учуп-конуу тилкесин айланып, акырындап ылдыйлап баратканы көрсөтүлгөн. Учкуч учактардын учуп-конуу тилкесиндеги кезеги бийиктик менен байланыштуу экенин түшүндүрдү. Тагыраагы учак канчалык ылдый болсо, кезек ошол учактыкы.

"Бизге болжолдуу күтүү убактысын айтышты. Анан жолдошторубуз маалымат бергенден кийин кирүүгө уруксат алабыз", - деп жазат Александр өзүнүн видеосунда.

Видеого комментарийлерде колдонуучулар өздөрүнүн ойлору менен бөлүшүүдө. Кээ бирөөлөр мындай бул тема тамашалуу экенин айтышса, айрымдары мындай көрүнүшкө таң калышкан.

Реалдуу убакыт режиминде аба кыймылына көз салган Flightradar24 сайтынын маалыматы боюнча, асмандагы учак тыгындары дүйнөнүн айрым аймактарында кеңири тараган. Мисалы, Лондон, Париж, Нью-Йорк жана башка ири шаарлардын үстүнөн аэропорттун учуп-конуу тилкесин күтүп, айланып жүргөн көптөгөн учактарды көрүүгө болот. Кагылышууларды болтурбоо жана учуу коопсуздугун камсыз кылуу максатында аба кыймылын жөнгө салуучу жана учактарды кезектешип бөлүштүрүүчү атайын эрежелер жана жол-жоболор бар.

Учкуч асмандагы учак тыгыны кандай болорун көрсөттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан