Садыр Жапаров Бишкек ЖЭБдеги жарылуунун болжолдуу себебин айтты 

Президент Садыр Жапаров Бишкек ЖЭБдеги жарылууга көмүрдүн тиешеси болушу мүмкүн экенин "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде айтты.

"Буга чейин Кара-Кеченин көмүрү жагылып келген. Толук бышпаган көмүр. Кубаттуулугу же башкача айтканда, калориялуулугу 3800 Ккал/кг. Биз былтыр Шабыркүл көмүрүн алалы деп түздөн-түз Шабыркүл көмүрүн алганбыз. Таза көмүр, калориялуулугу 5500 Ккал/кг. Эми мен адис эмесмин. Бирок ошентсе да күчтүү көмүр экенин эске албай Кара-Кеченин көмүрүн жаккандай эле жага беришип, температура көтөрүлүп кетип жарылуу болдубу деген ойдо турам", - деген президент Жапаров.

Ошондой эле мамлекет башчысы борбор калаада быйыл ыштын аз болгондугу таза көмүр жаккандыктан болгонун кошумчалаган.

Мындан сырткары ал ЖЭБдеги абал оор экенин белгилеп, жылуулук борбору толугу менен модернизация болорун айтты.

Белгилей кетсек, 2-февралда түнкү саат үчтөр чамасында Бишкек Жылуулук электр борборунда авария болуп, беш киши жабыркаган. Алардын экөөсүнүн абалы өтө оор экени кабарланды.

ЖЭБдеги авариядан улам калаадагы мектеп жана бала бакчанын бардыгы 6-февралга чейин онлайн окууга өткөрүлүп, Бишкек ЖЭБнин аймагында аварияга байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан