Жогорку Кеңеште Айсулуу Мамашова ант берди (видео)

Бүгүн, 7-февралда Жогорку Кеңешке жаңы депутат болуп келген Айсулуу Мамашова ант берди.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2-февралда "Альянс" фракциясынан талапкер Мамашованы Жогорку Кеңештин депутаты катары каттаган.

Ал диплом чырынан улам мандатынан кол жууган партиялашы Фарходбек Алимжановдун ордуна келди.

36 жаштагы Айсулуу Мамашова Жогорку Кеңештин VI чакырылышында "Ата-Мекен" партиясынан депутат болгон.

Эске салсак, 26-январда Жогорку Сот Жогорку Кеңештин депутаты Фарходбек Алимжановдун Борбордук шайлоо комиссиясынын аны мандатынан ажыраткан чечимине каршы арызын карап, канааттандырган эмес.

БШК былтыр 6-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов ("Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы) менен Фарходбек Алимжановду ("Альянс" фракциясы) жогорку билими тууралуу жасалма диплом алган деген негиз менен мандатынан ажыратуу чечимин чыгарган. Алар мындай чечимге каршы сотко кайрылган. Алгач райондук, кийин Бишкек шаардык соту алардын арызын канааттандырган эмес.

Жогорку сот 30-октябрда Исмаиловду мандатынан ажыратуу боюнча биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Жасалма диплом чырынан кийин мандатынан ажыратылган Фархат Исмаиловдун ордуна партиялашы Чынберди Төлөнов депутат болуп келип, 23-ноябрда ант берген.

Жогорку Кеңеште Айсулуу Мамашова ант берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан