5-март Ак калпак күнү. Бул күн 2011-жылы жарыяланган. Ошондон тартып 5-мартты Улуттук баш кийимдин күнү деп келебиз. Бул күндү белгилөө демилгесин кинорежиссёр Рысбек Жабиров көтөрүп чыккан. Ал эми Кыргызстанда, чет өлкөдөгү мекендештер 2016-жылдан тарта расмий түрдө белгилеп келишет. Аталган майрамда ак калпак кийген мырзалар жөө жүрүш уюштуруп, ар кандай иш-чаралар уюштурулат.
Датаны утурлай SUPER.KG порталы Улуттук баш кийим ак калпак тууралуу кызыктуу фактыларды тизмектеди.
Калпак кантип жасалат?
Калпактын сапаты кийизге жана жүнгө байланыштуу. Эгерде жука кийизден жасалса, анда көпкө чыдабайт. Ал эми жакшы, калыңыраак кийизден жасалган калпакты 20 жылга чейин кийүүгө болот.
Калпак жасаган мурдагы ууздардын айтымында, меринос тукумундагы койдун жүнү жакшы кирбейт, оор келип, кийиз дыңкыйып, ийне өтүшү кыйын болот. Ал эми козунун жүнүнөн жакшы калпак чыгат. Кийгенде жеңил. Калпакка керектелүүчү кийизди жай мезгилинде камдашкан. Себеби бул учурда жүн ойдогудай жакшы кургаган болот. Ал эми учурда шартка байланыштуу кол өнөрчүлөр жылуу, заманбап, кенен жерде кургатышат.
Калпакты кантип кийүү керек?
Калпактын төбөсүн түшүрүп кийбеш керек. Түшүрүлгөн калпак "Бул үйдө баш көтөрөөр эр бүлө жок калды. Кимдин бийлиги күчтүү болсо, ошонун айтканындай болом" дегенди түшүндүрөт.
Калпактын оң кыргагын басып кийсе аялынан, ата- энеден, зор дөөлөттөрдөн айрылуу дегенди түшүндүрөт.
Калпактын төбөсүн түшүрүп, эки кырын тең терең жапырып кийбеш керек. "Мен кулак кести кул катары жүрөмүн. Артымдан издеп алар каруу күч калбады", - деген маанини берет.
Калпак мүчөл жашка карата жетиге бөлүнөт
Алар:
Ак калпак тууралуу кызыктар
2016-жылы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин студенттери бийиктиги 3 метрге жеткен калпак жасап, Ала Тоо аянтына алып чыгышкан. Ал эми бир калпакты жасоого 230 грамм кийиз кетет.
Кыргызстандагы сакталып турган эң байыркы калпакка орточо эсеп менен алганда 300 жыл болду. Учурда калпак сатуучу жерлерде калпактын орточо баасы 500 сомдон 4500 сомго чейин сатылат.
Мурдагы кыргыздар калпакты чоочундарга эч качан белекке берген эмес. Абдан сыйлаган, даражасы бийик конокторго ат мингизип, чепкен жапкан. Бирок баш кийим тартууланган эмес.
Ак калпакты кийип сүрөткө түшкөндөрдүн арасында биринчи учкуч Юрий Гагарин, кытайлык актер Жеки Чан бар.
Бүгүнкү күндө өлкө аймагынан калпактын 100гө жакын түрүн кезиктирүүгө болот.