Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы ФИФАнын рейтингинде 147-орунга жылды

Бүгүн, 19-декабрда жаңыланган ФИФАнын рейтингинде футбол боюнча Кыргызстан курама командасы 147-орунга жылды. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейинки рейтингде 207 мамлекеттин ичинен 146-орунду ээлеген Кыргызстан бул жолу 147-саптан орун алды. Курама команданын карамагында 155 упай бар.  

ФИФАнын 19-декабрга карата жаңыланган рейтингинин алдынкы 3 сабында Испания, Германия жана Аргентина курама командалары орун алган. 
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
MMA_1
2013-12-19 17:57:42
Топ-10го кириш биз учун жомок турбайбы(
+1
Shekerbek
2013-12-19 18:00:45
MMA_1, биз митинг боюнча ТОП-10ке киребиз без спор !
+3
fanatkg
2013-12-20 14:40:40
Shekerbek, жок биз ТОП-3кө киребиз... :)
0
Almabek
2013-12-20 11:36:21
Артка же алдыга жылды деп жазсанар боло.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан