Туризмди колдоо фондунун жетекчиси болуп Кудрет Тайчабаров дайындалды. Тайчабаров бул кызматка 7-мартта барганын социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.
Ал 2020-жылдын ноябрынан 2023-жылдын январына чейин “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын башкы директорунун кызматын аркалап турган.
Белгилей кетсек, Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондун 2023-жылдын июль айынан бери Абылкасым Шерниязов жетектеп жаткан.
Фонддун биринчи жетекчиси Елена Калашникова "Коррупция" беренеси боюнча шектелип кармалып, кийин үй камагына чыккан.