Дмитрий Бивол Артур Бетербиев менен беттешке Ысык-Көлдө даярдык көрүп жатат

Бокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Чолпон-Ата шаарына келди. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, белгилүү спортчу машыктыруучусу менен бирге Ысык-Көлгө машыгуу үчүн келген. Аны менен калаа башчысы Азамат Турдубеков жолугуп, Чолпон-Ата шаарынын символикасын белек кылган.
"Токмок шаарында туулуп-өскөн Бивол Кыргызстан, анын ичинде Ысык-Көл жүрөгүнө жакын экенин билдирип, жалпы элди Нооруз майрамы менен куттуктады", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Дмитрий Бивол жарым оор салмактагы абсолюттук дүйнөнүн чемпиону наамы үчүн орусиялык Артур Бетербиев менен беттеш өткөрөт. Беттеш 1-июнда Сауд Арабиясында болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан