Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова Бишкек менен Чүйдө мектептердин санын көбөйтүү керектигин айтты.
Ал мисал катары Биримдик-Кут конушун атады. Эл өкүлүнүн айтымында, ал айылда мектеп жоктугунан окуучулар автобус менен башка жакка барып окушат.
"Соцтармактарда видео тарап жатат, ошол Биримдик-Кут айылындагы окуучулар автобуста тыгылып бара жатышканы тартылган",- деди Аманова.