Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева аялдарга карата зомбулуктарды алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу тиешелүү министрликтердин, органдардын парламентте маалымат берүүсүн талап кылды.
Эл өкүлү бүгүн, 1-окятбрдагы парламент жыйынында акыркы учурда зомбулукка кабылган кыз-келиндер тууралуу жаңылыктар көп чыгып жатканын белгилеп, бул маселени көтөргөндөр коомчулуктун ур-тепкисинде калып жатышканын айтты.
"Зомбулуктан каза тапкан келиндердин жакындары арызданып жатышат. Алар боюнча иштер кандай каралып жатканы тууралуу маалымат угалы. Зомбулуктун алдын алуу боюнча иштер барбы же жокпу, маалымат алалы. Анан айымдардын укуктарын коргойбуз деген депутаттарды "улуттук баалуулуктарыбызга каршы чыгып жатасыңар" деп тепкилеп калышат. Кыргыздын баалуулугунда айымдарды өлтүрүү деген жок да",- деди Сурабалдиева.