Ош шаарында калктын саны 100 миң адамга көбөйдү

Ош шаарында калктын саны 100 миң адамга көбөйдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 21-март – Нооруз майрамына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарада айтты.

Ал Ош шаарынын борбордук аянтында уюштурулган иш-чарада сөз сүйлөп, шаар тургундарын жана конокторун Нооруз майрамы менен куттуктады. Өкмөт башчы өз сөзүндө ар бир аймак боюнча Министрлер кабинетинин ачык жана так пландары бар экенин белгиледи.

“Ордолуу Ош жергеси – республикалык масштабдагы экинчи чоң шаарыбыз жайгашкан жер. Азыр Ош шаарынын аянты 2,5 эсеге кеңейди, элинин саны 100 миң адамга көбөйдү. Былтыр шаардын таза суу көйгөйүн чечип бердик. Дүйнөлүк жаңы мейкиндиктерди ачкан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу – транзиттик ири долбоор, Ош шаары – бул жолдо тосуп алчу биринчи дарбаза болот. Урматтуу Ош шаарынын тургундары, шаар мэриясынын эң сонун пландары бар. Ар бир жетекчи менен ынтымакташып иштешесиздер деп ишенебиз. Ош шаары заманбап шаар болот” - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан