Бишкек мэриясы калаада жолдордогу чуңкурлар жамалып жатканын маалымдады

Бүгүн, 21-мартта Бишкек мэриясы калаада жолдордогу чуңкурларды жамоо иштери уланып жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын бригадалары Дэн Сяопин проспектисинин Алыкулов көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин, Чүй проспектисинин Фучик көчөсүнөн Павлов көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү жол кемчиликтерин жоюуда.

"Буга чейин ишкананын кызматкерлери Чүй проспектиси менен Манас проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин, Ахунбаев көчөсү менен Малдыбаев көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейин, Байтик баатыр көчөсү менен Лев Толстой көчөсүнөн Масалиевге чейин, Абдрахманов көчөсү менен Толстой көчөсүнө Жибек-Жолуна чейин жана Эркиндик бульвары боюнча Жибек-Жолу проспектисинен Фрунзеге чейинки чуңкурларды жамоо иштери жыйынтыкталган", - деп айтылат билдирүүдө.

Калаанын борбордук көчөлөрү оңдолуп бүткөндөн кийин, адистер экинчи даражадагы көчөлөргө өтүшөрү кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан